Бабанов УКМКга кайрадан сурак берүүгө кирип кетти

   Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов  УКМКга кайрадан  сурак берүүгө кирип кетти.

Ал шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралууда.  Бабанов  буга чейин дагы 20-августта УКМКнын сурагына барса, эртеси 21-августта Финполго сурак берип чыккан.

  Белгилей кетсек,  Бабановго карата  эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Ал эми УКМК эгер Бабанов Бишкеке келе турган болсо жоопко тартылаарын айткан болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *