Бабановдон дагы бир “өрдөк” учту

    Мезгил

    Бабановдун тарапташтары “24 kg” Маалымат агенттигинин жардамы менен “Жогорку Кеңештеги булагыбыз айтты” дедиртип кезектеги дагы бир “өрдөгүн” учуртту. Өткөндө да орус тилдүү ЖМКлар аркылуу “РАЖ фракциясы лидерин алмаштырат” деген маалымат тараттырган. Ал тургай ЖМК өкүлдөрү жаңы келчү лидерлердин аттарын да атап жиберишкен. Фракциянын лидерлигине барчулар баягы эле Бабановдун республикачы “бала кадрлары”, Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев сыяктуулар экен. Кийин ошол эле ЖМК өкүлдөрү РАЖдын депутаттарына чалып сурашса, алар бир ооздон “Бизде лидерди алмаштыруу боюнча сөз болгон эмес” деп жооп узатышкан. Натыйжада Жыргалбек Турускулов фракция лидери боюнча кала берген. Бул жерде байкалгандай Бабановдун Бишкекке кайтып келиши менен анын жакындары пресса аркылуу ар кандай имиштерди атайын таратуу жагын активдештирип жатат.

Экинчи жолу учуп жаткан “өрдөк” да ушул сыяктуу учту. Бул жолу маалымат агенттик “Экс-премьер-министр Омурбек Бабанов может уступить лидерство в партии «Республика  Ата Журт», если в отношении него закроют уголовные дела в ГКНБ и ГСБЭП» – деп жазып жатат. Көпөс Бабанов УКМК менен ЭКККБнын сурагынан коркуп жан бирге партиясын да сатканга даяр турабы? Бул эмне деген маалымат? Эгер ага карата кылмыш ишин жабышса партия лидерлигин өткөрүп бергенге даяр дейби? Менимче Бабанов бир чети элдин пикирин бийликке карата терс маанайга буруп, экинчи жактан “бийлик аталыктарына” (серый кардинал) “мен баарына даярмын” дегенди туюнткусу келип жатабы? “Мага каршы тергөөнүн бардык суроолоруна жооп бергенге даярмын” деп камчысын моюнуна салып, аэропорттон тизелеп кирген Бабанов кайда? Бүгүн Бабанов өзүнө карата козголгон 8 кылмыш ишине жооп берүү оңой эмес экендигин жон териси менен сезип олтурат. Айласы алты жерден кеткенде ушундай кадамга барганы калды окшойт.

А эмне үчүн өзүнүн актыгын акыр-аягына чейин мыйзам чегинде далидөөгө умтулбайт? А эмне үчүн өзүнө карата козголон кылмыш иштерин жабуу үчүн партиянын лидерлигин бийликке сатканга даяр? Биринчиден, Бабанов саясатка караганда бизнеске жакын, бизнестин өкүлү. Керт башынын кызыкчылыгы үчүн ар кандай амалдарга барганга даяр. Экинчиден, козголгон иштер катардагы иштердин бири эмес, оор беренелер менен коштолгон. Сурактан суурулуп чыгуу оңойго турбайт.

Андан ары По их данным, на смену Омурбеку Бабанову должен прийти политик, приближенный к нему. В противном случае ротацию воспримут как рейдерство. Источники указали, что среди наиболее вероятных кандидатов на должность председателя партии Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров и Кенжебек Бокоев. Если до начала предвыборной парламентской кампании 2020 года уголовное преследование не прекратят, Омурбек Бабанов останется во главе политической организации, но в открытую оппозицию «РАЖ» не уйдет – деп жазылган. “Лидерликке анын жакындары келиши керек, болбосо лидерликти алмаштырууну рейдерлик катары кабыл алышат” деген болбогон кеп, элдин башын айлантуу. Ал эми болжолдуу лидерлер делген Мирлан Жээнчороев менен Кенжебек Бокоев Таластын Аманбаев айылынан, ал эми Руслан Казакбаев да Таластан, баары Бабановдун көздөй кишилери. Бир гана Максат Сабировду бул жерге көп түрдүүлүк үчүн кошуп коюшкан. Ал эми партия ачык оппозицияга өтпөстүгү анык сөз.

Ошентип Өмүрбек Бабановдун иши татаалдап, айласы алты жерден кетип жатыптыр. Анын абалы экинчи бир Өмүрбек деген (Текебаев) саясатчынын тили менен айтканда “Бабановдун иши бовой калыптыр”.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *