Бабановду бирде мактап, бирде …

    Мезгил

    Баягы эле Атамбаевдин түгөнгүс жомокторунун бири. Сырт жакта бозуп жүргөн Өмүрбек Бабановду мактап өзүнө тартууга аракет жасады эле, анысы саясий потенциалы түгөп бараткан бир кездеги партиялашынын катарына кошулгусу келбеди. Муну туюп калган Атамбаев Маскөөдөн келер замат журналисттердин микрофону аркылуу Бабановду шыбап кирди.

«Мен президенттикке койбоймун. Өмүрбек Токтогулович кандидат катары башка өлкөнүн президентине бата алганы барган. Бул туура эмес, шайлоого аралашпаш керек. Мен кээ бир лидерлер башка өлкөлөрдөн акча каржатын алып, кийин төлөп жүрүшкөн убактарды көргөм. Эгерде бата алгың келсе, анда аны элден ал» – деди Атамбаев.

Бул жерде Бабановдун президенттикке талапкерлигин коюп жаткан учурда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге барып жолугуп келгендиги тууралуу айтып жатты Атамбаев.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *