Бакиевдер чыгарып кеткен миллиондорду ачык айткан Гуревичтин кандай кызыкчылыгы бар?

Мезгил. 

КР Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүргүзө баштаганын кабарлады.

“Кыргыз мафиясынын банкири” аталган  Евгений Гуревич “Азаттык” радиосуна маек куруп, бир катар орчундуу маалыматтарды берген. Финансисттин айтканына ишенсек, экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Гуревич ал убакта  бул үй-бүлөнүн финансылык кеңешчиси болгон. Ал экс-президент тарабынан өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даяр. Бирок, КР прокуратурасынын өкүлдөрү 2015-жылы Алабамага барышып, аны менен жолугушушкан да, ошол бойдон байланышка чыгышпай коюшкан. 

Евгений Гуревич инсайдердик соодага байланышкан көз боемочулукка барганы үчүн айыпталып АКШнын Алабама штатында беш жылга эркинен ажыратылган. Маалымат каражатына берген маалыматына караганда, ал учурда үй камагында кармалууда.

Финансисттин айтканы коомчулукту түрдүү ойго салды. Эл өкүлдөрүн 2015-жылы аны менен прокуратуранын кайсы өкүлдөрү барганы кызыктырып жатат. Ошол кездеги башпрокурор Аида Салянова Гуревич менен жолугушууга Алабамага барбаганын билдирди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *