Бакир уулу менен Арстан Алайдын «концерти» Тынар менен Абдылданыкынан ашып түштү

Мезгил

Арстан Алай менен Турсунбай Бакир уулунун акыясы бүгүнкү күндүн темасы болду. Алгач чабышууну «интернет» ресурстарынын ортомчулугу менен башташкан. Арстан Алай Турсунбай Бакир уулунун айткандарына жооп берип, бир топ жаман сөздөрдү анын дарегине жолдойт. Турсунбай Бакир уулу да аны «туздап», жума намазынан кийин борбордук аянтка «Тарых музейине мумия катары тапшырам» деп жалпы теңирчилерди кошо чакырат.

Теңирчи Арстан Алай да кыйын экен, «тапшырсаң, тапшыр» деп Атамбаев кармалганда «балдарга тийбегиле, мени кууруп жесеңер да макул» дегендей жолугушууга келип олтурбайбы? Экөөсү эрчишип реконструкциядан бери ачыла элек Улуттук тарых музейине барышат. Эшик жабык, «санитардык күн» деп жазылып туруптур. Теңирчи Арстан Алай «музейге өткөрө албадың» деп кетип калат. Сакалчан Турсунбай Бакир уулу «токто, кайда качып баратасың» деп артынан түшөт.

Бул эки аксакалдын жасагандары туурабы?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *