Бактыбек Райымкулов депутат: Атамбаев алты жылдык башкаруусунда чимкириктен да ашып кетти

 Мезгил

 Кечээ, 17-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскирип жатып, президент Сооронбай Жээнбековду президент кылганы үчүн элден кечирим сурап, “депутаттардын бир тобу чимкириктей болуп калды. Асылбек Жээнбеков “чимкиргиле” десе чимкиришет, “тарткыла” десе тартып алышат” деди.  Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты  Бактыбек Райымкулов оюн билдирип жатып, Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусунда чимкириктен да ашып түшкөнүн айтып, куран окуткан жерде саясатты айтпай эле койсо болмок деген пикирде.

 “Мен бул адамды мынчалык төмөн түшөөрүн билген эмесмин, куран окуткан жерден саясатты айтпай эле койсо болмок. Акыркы 6 жылдык башкаруусунда көрдүкко, чимкириктен дагы ашып кетти. Бул бир гана ич күйдүүлүк деп эсептейм. Андан көрө эч нерсеге аралашпай ардактуу эс алууда жүрсө  болмок” деди депутат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *