Бактыгүл Жээнбаеваны “тинтүү боюнча” кайсыл маалыматка ишенебиз?

   Мезгил

Өткөн аптанын аяк чениниде ЭКККМКнын кызматкерлери атайын кызматтын кызматкерлери менен биргеликте өлкөнүн Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кабинетин тинтүүгө алышкан. Бүгүн 30-сентябрда түштөн кийин аны ЭКККМКга күбө катары суракка чакырышты. Финансы министрине не болду, жолун кара мышык кесип өттүбү? Неден жазды? – деген суроолор түмөн.

Көрсө Жээнбаеваны суракка күбө катары жетелеген иш Соттук өкүлчүлүк борборундагы ири суммадагы ашыкча чыгымдоолорго байланыштуу экен. Бул борбор коротууга тиешелүү 1,5 миллион сомдун ордуна 6 миллион сомду финмин тарабынан алып, ашыкча коромжуга учураткан. Ал эми министрдин кабинетинен тиешелүү документтерди издешкен тура.

Айрым маалыматтарга караганда Соттук өкүлчүлүк борборундагы 1,5 миллион коротула турган акча каражатынын ордуна 6 миллион коротуу боюнча документке министр Бактыгүл Жээнбаева өзү кол койгон. Анын бул документке кол коюшуна кандай жагдай түрткү болгондугун тергөө иштери аныктар.

ЖМК өкүлдөрү ушундай даректүү маалыматты жазып алып, оозубузду жыя элегибизде министр айым башкарган ведомстводон “шефин” актаган кат келип түштү. Анда Жээнбаеваны сүттөн акы кылып, “министрдин кабинетинде 26-сентябрь күнү эч канда тинтүү болгон эмес. Ал эми Соттук өкүлчүлүк борборуна тиешелүү болгон максатсыз пайдаланылган акча каражаттары боюнча кызматтык документтерди, кызматкерлердин күбөлүгүндө сотко чейин териштирүү иштери үчүн алуу жүргүзүлгөн” – деп оозубузду Ошко каратышты. Актануучулардын айтымында ЭКККМК кызматкерлери менен финминдин кызматкерлери бул ишти биргеликте жүргүзүшкөн. Ага министр өзү уруксат берген.

Эми элдин башын айланткан эки маалыматтын касыйнысы чындык? Минстрдин “тинтүү болгон жок” деп актанганыбы? Андай ак экен, эмне үчүн ошол замат актанбай, актыгын 4 күндөн кийин элге жайып олтурат? Бул жерде Жээнбекова жогору жактагылар менен жең ичинен “сүлөшүп алып”, анан маселе чечилген соң ишти башка нукка буруп коюп жатат деген божомолдор да жок эмес. Эгер министр айым сотко чейинки териштирүү иштери үчүн кызматтык документтерди ЭКККМК кызматкерлерине алууга уруксат берген болсо, ал жерде тишине чейин куралданган айтайын кызматтын кызматкерлери эмне кылып жүрүштү?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *