Бактылуулар парламент сынынан өтүштү. Эки министр, бир төрага дайындалды

Мезгил. 

Өкмөт башчы Абылгазиев Жогорку Кеӊештин сынына    КР Ɵкмѳтүнүн Аппарат жетекчиси – министри, Адилет  министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызмат орундарына талапкерлерди койду. Буга дейре,  талапкерлер тармактык комитет тарабынан да жактырылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуш кылынып жаткан талапкерлер жогорку билимге ээ жана жетиштүү иш тажрыйбалары бар экенин, өз иш-милдеттерин жакшы билише турганын баса белгиледи.

«Бул кызматтарда мурда иштеген адамдар өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Алардын антүүгө толук акылары бар. Ошондон улам, өкмөт мүчөлүгүнө жаӊы талапкерлер сунушталууда», – деди ал.

Андан тышкары, буга чейин Шамилбек Асымбеков Ɵкмѳттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Марат Жаманкулов Өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы, Эмил Осмонбетов «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп иштеп келгени белгилүү болду.

Талапкерлер депутаттарды кызыктырган суроолорго жооп берди. Айрым депутаттарды талапкерлердин тажрыйба деңгээли канааттандырбады. Эл өкүлдөрүнүн арасында жетектегени бараткан тармактарындагы маселелерди чечүү жолун тереңден билбегендерин айтып сындагандар болду. Бирок, жыйынтыгында, аларды парламенттин басымдуу бөлүгү колдоп берди.

Талкуу жыйынтыгында Асымбеков Шамилбек Үмөтовичти Ɵкмѳттүн аппарат жетекчиси – министри, Жаманкулов Марат Тургунбаевичти юстиция министри, Осмомбетов Эмил Кубатовичти өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин тѳрагасы кызмат орундарына дайындоого макулдук берилди.

Депутаттар өкмөт мүчөлүгүнө дайындоого макулдук берилген кызмат адамдарын чоӊ ишенимге ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *