Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: КСДП кубаттуу оппозицияга айланса сонун болоор эле

Мезгил.

Саясий серепчи күз, Атамбаев жана оппозиция тууралуу ой бөлүштү. 

-КСДП партиясынын акыркы аракеттерди эмнени билдирет? Катарынан чыгарылгандар да бар, катарында туруп лидерине таш ыргыткандар да пайда болууда. Бул да күзгү оюндардын катуу болоорун билдирбейби?

-Акаев кетти, анын “Алга” партиясы конструктивдүү ири оппозицияга айлана албады, тескерисинче, андагылардын баары жапырт түрдө Бакиевдин “Ак Жолуна” “көчүп” келишти. Бакиев кеткенден кийин “Ак Жолдун” тагдыры да андан ашып кеткен жок. Акжолчулар ошол турушунда оппозиция болууга умтулбай, көрүнүктүү партиялар тарап кетишти. Эми КСДП көңүл чордонунда турат. Булар да чекесинен тараганга ык салганы баамдала баштады. КСДП бир муштумга биригип, кубаттуу оппозициянын тизгинин алып, акты ак, караны кара деп көзгө сая көрсөтүп ишмердүүлүгүн уланта берсе мактоого арзыйт эле. Мунун баары партиялардын негизги идеологиялык фундаментинин жоктугу. Мейли, партия түзгөндөр жоро- жолдошторун, акчалууларды катарына кошушсун. Бирок, идеология сөзсүз бекемдеш керек. Ошол катардагылардын баарын бириктирип турган идеология болбосо, ушинтип ар ким өзүнүн жанынын тынчын издеп, биринчи эле сыноодо чар тарапка чачылат. Идеология болсо, бийлик алмашабы, башкаруу башка болобу, айырмасы жок – партия кубаттуулугунан тайбайт. Баарын бириктире келгенде, биздин партиялык курулуштун чийкилиги даана көрүнөт.

-Кезектеги саясий сезон башталды. Ал кандай болот деп божомолдойсуз?

-Саясий күз кандай болмок эле? Абройлуу, фундаменталдуу конструктивдүү оппозициялык партия болбогондуктан, андай деле вулкандар атырылбайт. Учурда колунан келген-келбегендин баары, кызматка жанашкан- үмүт эткени да бийликти колдоп жатышат. Ыңгайга карап жашамай бизде күч алды. Оппозиция болуу кооптуу, майлуу-сүттүү эмес. Оош-кыйышы арбын. Аны жакшы билгендер тынч эле бийликтин  этегин бурдай кармап, агымга жараша агууну туура көрүшөт. Бирок, чоң оппозициянын орду саясий коомдо абдан маанилүү. Ансыз жаңылыш жолго түшүп алышыбыз мүмкүн. Мен буларды башка мамлекеттердин саясий тажрыйбасына таянып айтып жатам. Учурда өздөрүн оппозициябыз деп аташкан азганак топ бар. Алар тигил көчө асфальтталбай калды, бул мектеп курулбай калды, бул жеди, тигил уурдады  деген сыяктуу майда-барат маселелерден баштарын чыгара албай келишет. Алардын көтөргөн маселеси саясий оппозициянын ченемине дал келбейт. КСДП оппозицияга айланса эң сонун болоор эле. Абройлуу оппозиция болбосо бара-бара бир тараптуу саясий көз караштагы коомго айланаарыбыз бышык.

-Учурдагы оппозицияга ичиңиз чыкпайт экен да?

-Кыйкыргандар мурда бийликте иштеп кеткендер, кеткенден кийин жаралган нааразычылыктарын оппозициянын атына жамынуу менен көрсөтүүгө аракет жасагандар деп баалоого болот. Алар элдин: “Иштеп жатканыңда мекениң үчүн эмне кылдың эле?”- деген суроолоруна жооп бере алышпайт. Анткени, айта турганы жок. Саясий олуттуу маселелер кабыргасынан коюлуп, бийликтин катачылыгын ашкере кылгандары болдубу? Жок. Анткени, деңгээл жетпейт, жол менен мектепти айтып кыйкыра берген оң аларга.

-Күзүндө Атамбаев революция жасайт экен деген да  каңшар тароодо. Мына, күз да келип калды. Коомчулукта айтылып жаткандар ишке ашышы мүмкүнбү?

-Атамбаев төңкөрүш жасайт экен деген кеп –   жомокчулардын чыгарганы. Атамбаев бийликте алты жыл турду, ал убакта канча ирет революцияга жасоого аракеттер болгонун жакшы билебиз. Алар менен күрөшүп, бийликти мыйзам ченеминде тапшырууга – алууга үйрөнүшүбүз керектигин айтып, ошол жолго баштады. Анан эми өзү төңкөрүш жасамак беле? Ошондуктан, жомокчулар да жомок токурдун алдында логиканы билиши керек. “Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай” Кыргызстандын жаңы тарыхын барактап көрүшсүн дээр элем. Жаш балдарга чечек оорусуна каршы эмдөө жасашат эмеспи. Эмделген бала өмүр бою ал оору менен оорубайт. Кыргызстанга да революциянын эмдөөсү эки жолу жасалды, демек жакын арада андай көрүнүшкө күбө боло албайбыз.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *