Бала бакчаларга сапатсыз сары май ташыган ишкердин иши сотко өттү

Мезгил

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Бишкектин бала бакчаларын «сапатсыз сары май менен камсыз кылып турган” деген шек менен козголгон кылмыш иштин тергөөсү соңуна чыгып,  Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. 

 Маалым болгондой, 2016-2017-жылдары коммерциялык ишканалардын биринин кызматкери “тендердик комиссиянын мүчөлөрүн алдап, сапаты жагынан талаптарга жооп бербеген сары майды бала бакчаларга жөнөтүп турган” деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, быйыл февраль айында ага карата козголгон кылмыш иштери бириктирилип, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык” беренелеринин негизинде расмий айып тагылган. 19-июлда иш сотко жөнөтүлдү.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *