Бала сатуу фактысын Саламаттыкты сактоо министрлиги өз алдынча иликтейт

Мезгил. 

Бишкекте катталган бала сатуу фактысын Саламаттыкты сактоо министрлиги да өз алдынча иликтөөгө атайын жумушчу топ түзгөнү белгилүү болду. Жумушчу топ шаардагы бардык: мамлекеттик жана жеке менчик төрөтканаларды текшерет.

Министрликтин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева  тергөө жүрүп жаткан маалда кылмыш кайсы төрөтканада болгонун ачык айтууга болбостугун билдирди.

“Бул факты боюнча укук коргоо кызматтары иштеп жатышат. Тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондуктан, кайсы төрөткана, кайсы дарыгерлер катышкан айта албайбыз. Баары тергөө аяктаган кийин ачыкталат”, – дейт ал.

Бишкекте төрөтканалардын биринде ымыркайларды сатуу фактысы аныкталганы коомчулукка тараган. Дарыгерлер энеге ымыркайы чарчап калганын айтып, баланы башкаларга сатканы, дарыгерлерди кармоо учурунда алардын автоунаасынан ара төрөлгөн ымыркайлардын сөөгү чыкканы айтылып жатканы менен окуянын так баяны жарыя боло элек. Укук коргоо кызматтары кылмышка катыштыгы бар дарыгерлерге КР Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси (“Адам сатуу”) боюнча кылмыш иши ачылганын гана кабарлаган.

Бул берене менен кармалгандар кылмышы далилденсе үй-мүлкү конфискацияланат жана 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *