Балдарга берилчү жөлөк пул алууда мал доктурдун тастыктамасынын эмне кереги бар?

Мезгил. 

Балдарына жөлөк пул алууну көздөгөн ата-эненин алдында машакаттуу, узакка созулган тастыктамаларды чогултуу деген сыноо күтүп турат. Жалпысынан он чакты документ керектелет, анын арасында кандай гана тастыктамалар жок.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов мамлекеттен жөлөк пул аргасыздыгына кептелген ата-энелердин арманын өкмөткө жеткирди.

Айтымында, ага жер-жерлерге барганда ушул маселе менен кайрылгандар абдан көп.

“Жөлөк пул алыш үчүн жок эле дегенде 9-10 документ топтошот экен. Анын ичинде мал доктурдан тастыктама, жер адисинен, салык кызматынан  тастыктама ж.б. бар.  Анан да аларды алыш үчүн ата-эне чогуу барышы керек экен, эгер толук үй-бүлө болсо. Бул эмне деген көрүнүш, 10 документ көптүк кылбайбы?” – деди депутат.

Ал документтердин көптүгү жөлөк пулду чыныгы муктаждар эмес, колунда барлардын алуусуна шарт түзөөрүн белгиледи.

“Тастыктамаларды да алыш оңой эмес экен. Бара койсо эле бере койбойт, кээде керек адис ордунда жок болуп калат, атайын барып маселесин чече албай артына кетишет. Анан жадаганда жөлөк пулсуз эле жашайлычы деп кол шилтешет. А алардын ордуна колунда барлар жазылып алышат”, – деген депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Мойдуновго кайрылды:

“Премьер-министрге айтып, жөлөк пул алуу шарттарын жеңилдетпесеңиздер болбойт. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин паспортунун көчүрмөсүнөн башка да маанилүү документ болчу беле. Ансыз деле айылдагылар кайсы үй-бүлө жакыр жашаарын жакшы билишет”, – деп белгиледи Жамалдинов.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *