Баш калаанын башчысы болом десениз…

 Мезгил

Баш калаанын башчысын шайлоо

“Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда БШК Бишкек шаарынын мэрин шайлоону орун бош калган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт.

Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт (23-берене, 3-бөлүк).

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.  Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт, тиешелүү протокол түзөт жана шайлоонун натыйжаларын ал жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

Талапкерди сунуштоо

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.

Талапкерлерди каттоо

Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү ишканаларда жетекчилик кызмата 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөткөн субъект шайлоого чейин 5 жумушчу күн калганданкечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди;

2) талапкердин шайлоого катышууга  макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;

4) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди.

Талапкерлерди каттоо

Аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкерди каттоо жөнүндө чечимди же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, аймактык шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектке ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

Талапкерди көрсөткөн тарап маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Талапкерлердин «тилин» текшерүү

Талапкерди көрсөткөндөн кийин жана шайлоого 5 күн калганда, шаардын мэри кызматына талапкер мамлекеттик тилди эркин билүүсү боюнча сынак тапшырат.

Жогорудагы талаптардын баарынан ийгиликтүү өтсөңүз, аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэрин шайлоону уюштурат.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *