Башаламандык уюштуруп көшөгөнүн артында кимдер турган?

Мезгил

8-9-августта Бишкетин көчөлөрүндө жана чет жакасында болгон баш аламандыктан 40 киши кармалган. Арасында өспүрүмдөр жана көчөдө жай турмуш агымы менен бараткандар, мурда кылмыш жообуна тартылгандар да бар экендиги айтылууда. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жалпысынан Кой-Ташта башталган Атамбаевдин тарапташтарынын уюштурган баш аламандыгына айыптуу катары учурда 4 киши 2 айга абакка киргизилди. Кармалгандардын күнөөлөрү далилденсе 5 жылдан 7 жылга чейин абак жазасын алып, кетирилген материалдык зыяндар төлөтүлүп, айып пулдар салынышы мүмкүн.

Бул кезде ЮНИСЕФ сыяктуу дүйнөлүк уюмдар балдардын жана жаштардын саясаттын курмандыгы болуп калып жаткандыгына, аларды пайдаланышкандыгы тууралуу тынчсызданганын билдирди. Чындыгында бул туурабы?

Биринчиден, кармалган баланын башаламандык баштаган топтун арасында жүргөндүгү далилденсе аларга кечирим болбоосу керек. Себеби буга чейин митинг, революция учурларында башаламандык боюнча кармалгандар саясий абалдын, саясий чечимдердин негизинде жоопко тартылбай калган учурлары көп болгон. Андан улам мыйзам менен жашагандын ордуна «бизде баары боло берет» деген тушүнүк мээбизге орноп калган. Бул түшүнүктү сындыруу керек.

Экинчиден, кармалгандардан башаламандыкты кимдер уюштугандыгы, кимдер акча тараткандыгы тууралуу суроо керек. Эгер тергөө менен кызматташууга баргандар болсо, албетте, аларга жеңил жазалар колдонулгандыгы туура.

Үчүнчүдөн, башаламандык уюштургандар жана ага катышкандардын катуу жазаланышы коомчулукту, экинчи мындай иштерге баруу мамлекетти, мыйзамды сыйлабастык, өз эркиндигин түрмөнүн жашоосу менен алмаштыргандыкка барабар деген түшүнүктү жарата турган болуш керек. Мамлекет мамлекетүүлүгүн, мыйзам мыйзамдуулугун көрсөтө турган мезгил келди. «Бир жаман иш жасап койдум эле. Папашка 2 жылкысын сатып, следакка берип, куткарып калды» деген корстон болуп, мактаныч иретинде айтылган сөздөр эми айтылбай тургандай жагдай жаралуусу зарыл.

Албетте көпчүлүктүн ишеними укук коргоо органдарында турат. Элдин аларга 3 суроосу бар:

1) Башаламандыкты бир гана Атамбаевдин тарапташтары уюштурдубу?

2) Үчүнчү күч деп аталып жүргөн топтун, маселен, убагында Атамбаевден кордук көргөндөрдүн, сыртта качып жүрүп келгендердин бул жерде тиешеси жокпу?

3) Учурдагы бийликтин ичинде кызматта жүрүп бийликке каршы иштеген, котур ташы койнунда болгондордун жана бийликтен сырт жүрүп, «качан орун бошоп, мага кызмат тиет экен» дегендердин бул башаламандыкка тиешелери жокпу?

Убагы келгенде, тергөө бүткөндө ушул суроолорго ачык жооптор айтылса эл ыраазы болуп, бийликтин жүзү жарык болор эле.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *