Башка бирөөгө берүүгө болбой турган буюмдарды билип алыңыз

    Мезгил

Карыз алуу, же бирөөнүн буюмун сурап убактылуу пайдалнуу жалпылап айтканда материалдык жардам болуп саналат. Муктаж учурда  башка бир адамдардын кийимн же башка чизге керектүү каражатын алууга боло тургандыгы менен бирок эл арасында айтылып келген ырымдарга ишенсек такыр карызга алууга болбой тургандар нерселер да бар. Алар кайсылар төмөнкү макалага көз чаптырыңыз.

 Кийим

Бирөөнүн кийимин сурап кийүү менен сиз ошол адамдын ар кандай ооруларын өзүңүзгө жугузуп алууңуз мүмкүн. Эгерде башка бирөөнүн мисалы жакыныңыздын   же дос курбуңуздун кийимин кийүүгө зарыл болуп калса, анда аны ал кийимди кийээр алдында туздуу сууга жууп коюңуз. Бул ыкма менен кийимдеги жаман энергиялардан арылууга болот.

 Кооз буюмдар

Адамдын энергиясы анын кооз буюмдары аркылуу да жугат. Андыктан өзүңүздүн сөйкө, шакек, шуруларыңызды башкаларга берүүдөн алыс болуңуз.  Эгерде буюмдарыңыз таштан жасалган болсо анда такыр эле бербей койгонуңуз оң. 

Идиш-аяк

Башка адамдар колдонгон идиш-аяктарды да колдонуунун кажети жок. Тарелка, чыны жана башка дагы идиштер мурунку колдонгон адамдын ар кандай энергиясын  өзүнө жакшы сактайт. Сиз ал үйдүн атмосферасындагы билбешиңиз мүмкүн. Андыктан бул буюмду колдонуудан оолак болуңуз.

 Туз

Туз- бул байыртадан эле  тамактын даамын чыгарууга колдонулуп  жана адам тагдырына таасир этүүчү касиетке ээ. Бирөөдөн туз сурасаңыз, өзүңүзгө оору же жакындарыңыз менен уршуп калышыңыз мүмкүн.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *