Башкы прокуратура Сегизбаевди “күнөөсүз” дейт

Мезгил

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге иш козгоодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында “Ата Мекен” фракциясы сентябрь айында Башкы прокуратурага “Белизгейт” тууралуу Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылган. Бүгүн,  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде жабык эшик артында карлаган “Белизгейт” боюнча маселеде башкы прокурордун орун басары Сегизбаевге кылмыш иши козголбогонун билдирген.

– Кылмыш ишин козгоодон баш тарттык деп айтышты. Бирок Абдил Сегизбаев 6 миллион жарандын алдында жасалма документтерди пайдалануу менен кылмыш жасаган Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинде “жасалма документти жасоо, пайдалануу” деп жазылып турат. Ал эми Сегизбаев ошону пайдаланган да-деди Шыкмаматов.

2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.

Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатышканын айтты. Ошол эле күнү депутат Исхак Масалиев Сегизбаев “парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн жоопко тез арада тартылышы керек” деген оюн айткан.

Ал эми  “Ата Мекен” фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов массалык маалымат каражаттарына  экс-президент Атамбаевдин ишмердүүлүгүн иликтөө  боюнча элдик комитетин түзүүнү сунуштап, ошондой эле Атамбаев айткан сөзүнө жооп бериши керектигин айткан.

-Парламентке учурда эл ишенбейт. Өздөрү шайлашкан, эми өздөрү ишенишпейт. Ошондуктан, Атамбаевдин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча элдик комитет түзүүнү сунуштап жатат. Элдин арасынан калыс, акыйкаттыкты кармаган активисттер кошулсун. Атамбаев да өзүнүн кара кылды как жарган калыс адамдары болсо кошсун. Баарылап, иликтеп көрөлү. Белизгейт документтери чын эле жасалма экени далилденсе, өзү “мен качпайм, жооп берем”, – деп айтканы бар, жоопкерчилигин тартсын. Далилденбей калса, эл алдында кечирим сурап, мындан ары журт атасы катары карайлы, – деген Шыкмаматов.

Ал Текебаевдин акыры бир күнү акталып чыгаарын белгиледи:

-Мына азыр Белизгейт боюнча абийирлери ачылып жатышпайбы. Эстеп койгула, акыры жүрүп Текебаев акталып чыгат, адилеттүүлүк ордуна келет. Аны соттогондордун баары жоопко тартылат. Тарыхты тепсеп коебуз дегендердин тилеги эч убакта ишке ашкан эмес, – деген депутат.

Бул Сегизбаевге карата кылмыш иши ачылсын деген алгачкы жана акыркы талап эмес. Анткени ушул жылдын  21-сентябрь күнү Бишкек шаарында өткөн пресс-конференцияда ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев, “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ыргалай Бекмуратова жана “Саясий туткундарды коргоо” комитетинин мүчөсү Зульфия Марат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Алар “мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасаган” деген айып менен соттолгон саясатчыларга айып негизсиз тагылганын, “Белизгейт” окуясында Сегизбаевдин мурда айткан сөздөрү далилденбегенин эскертишкен.

Бул маселе парламентте каралып, УКМКнын төрагасы эч кандай документ жок экенин айтты. Ошондо эле баары түшүнүктүү болду – мыйзамсыз иш алып барган. Прокуратура иш козгошу керек –дешкен.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *