Башкы прокурор: Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган. Бул өзгөчө оор кылмыштын курамына кирет

 Мезгил

Бүгүн, 27-июнда  Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди колтийбестигинен ажыратуу боюнча маселе каралууда.

Анда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алгандыгын айтты.   

  “Дастан” ишканасынын айрым кызматкерлери бул жер тилкесин сатып алууда көмөк көрсөтүшкөн. “Бул иш учурда Аскер прокуратурасынын тергөөсүндө. Жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин далилдеген бир нече факт бар. Алар “Коррупция” беренеси боюнча өзгөчө оор кылмыштын курамына кирет”, – деди Жамшитов.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *