Башкы прокурор: Батукаевди бошотууда Алмазбек Атамбаев өзү тапшырма берген

  Мезгил

Азиз Батукаевди бошотууда Алмазбек Атамбаев жеке өзү тапшырма берген. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

  Башкы прокурордун айтымында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлү астында жана жеке тапшырмасы боюнча мыйзамдагы ууру эркиндикке чыгарылган. «Бул иш Атамбаевдин катыштыгы менен болгон», -деди Өткүрбек Жамшитов.

 Ошондой эле Азиз Батукаевди бошотуу үчүн экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановду тартышкан. «Бул Атамбаевдин жеке көрсөтмөсү менен аткарылган. Шамил Атаханов ушундай көрсөтмө берди», -деди ал.

Бул кылмыш өзгөчө оор кылмышка кирет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *