Баткен: Ак-Сай айылынын тургундары чыгарылды

Мезгил

Баткен районунун Ак-Сай айылынан 300дөй тургуну чыгарылды. Бул тууралуу аймактык маалымат каражаттары билдирет.

Алардын маалыматында, аялдар жана балдар Баткен шаарындагы лицейлерге жайгаштырылды. Учурда чек ара кызматы акыбал тынч экенин кабарлады.

Эскерте кетсек, кечээ кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. 

Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *