Мезгил
Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, өкмөт тарабынан Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу тийиштүү чечими кабыл алынган.
Каттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы менен 83 адам учкан.
Белгилей кетсек, каттам акысыз негизде ишке ашырылды.