Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында милиция кызматкерине ок тийди

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген адам милиция кызматкери. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Анда, Баткен районунун Ак-Сай айылында Ворух айылы менен чек ара тилкесинде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда кайрадан пикир келишпестик чыгып, эки тарап бир-бирин таш менен уруп баштаганы, ушул убакта коопсуздукту карап турган милиция кызматкерине ок тийгени айтылат.

-Коомдук коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлерине Тажикстан Республикасынын күч органдары тарабынан ок атылып, анын натыйжасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин оң бутуна белгисиз куралдан атылган ок тийген-деп билдирет -Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы.

Ошондой эле билдирүүдө оор абалдагы милиция кызматкери Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышкандыгы айтылат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *