Баткен: Өмүрбек Суваналиев нааразычылык акциясына чыккан жарандар менен жолукту

  Мезгил

Бүгүн, 22-февралда Баткен облусунда Тажикстанда кармалган жарандардын жакындары нааразычылык акциясына чыгышты.  

16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандын мал базарына барып, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу кайтып келатканда, Согди облусунун Кистакуз аймагынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси менен кармалышкан. Аларга мыйзамдуу өткөрмө бекетинен өткөн эмес деген айып коюлууда.

Кармалган жарандардын жакындарынын айтымында, аталган аймактын чек арасы тактала электигинен, жарандардын маалыматы жок болуп, жол таппай адашып кирип кетишкен.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев эл менен жолугушууда бийлик органдары коңшу өлкөнүн тиешелүү кызматкерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын, укук коргоо органдары тарабынан кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтарууга аракет көрүлөрүн айтып, баары мыйзам чегинде чечиле тургандыгын билдирди.

Ошондой эле бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн да кошумчалады.

Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келерин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *