Баткен облусундагы Ак-Сай айылында жаңы футбол аянтча ачылды

Мезгил

Баткен облусундагы  Ак-Сай айылында жаңы футбол аянтчасы  пайдаланууга берилди. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров аянтчанын ачылышы менен айылдын тургундарын куттуктап,  жаңы аянтчанын ачылышы жаштардын спорт менен машыгып, достукту, ынтымакты бекемдөөгө салым кошорун айткан.

Ошондой эле облус жетекчиси футбол аянтчасынын орнотулушуна салым кошкон жаштарга жана быйыл 22-24-июлда болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда кырдаалды жөнгө салууга активдүү катышкан тургундарды “Ардак грамота” менен сыйлаган.

Эске салсак, быйыл 13-мартта чек арада чыккан кезектеги жаңжалдан кийин Ак-Сай айылынын бир катар социалдык көйгөйлөрү айтылган. Анын ичинде жаштардын спорт менен машыгуусу үчүн шарттын жоктугу да белгиленген. Футбол аянтчасын куруп берүүнү саясий партиялардын бири колго алган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *