Баткенде чыр болсо басып барбаган баткендик атка минерлер кимдер?

 Мезгил

Карамат Орозова

Бир курдай “Карамат Орозова баткенчи эмес” деген темада макала жазганбыз. Чындыгында КСДПчы депутат Карамат Орозова “точно” баткенчи эмес. Ишенбесеңер паспортун да карап көргүлө. КСДПнын катарынан “куулган” депутат айым “Атамбаевчи” экендигин Кой-Таш окуяларында экс-президентти колдоосу менен далилдей алды. Баткенде болуп келген акыркы окуялардын биринде да ал жакка басып бара албады. Анткени эл аны жек көрөрүн жакшы билет. Жок дегенде жарат алып, дарыланып жаткандарга да басып барып абалын сураганга жарабады.

Мурадил Мадеминов

Кадамжайда туулган бул депутат да Карамат эжесинин катарында келет. Баткенде чыр болсо барган-барбаганын билген киши жок. И баса өзүнүн да дайыны жок болуп келет го акыркы кезде.

Гүлмира Кудайбердиева

Исфана шаарында туулуп, бирок борбордо билим алып, Билим берүү министри, вице-премьер болгонго чейин жетишкен эжекебиз да кичи мекенине аз каттайт. Негизи чоң кызматта жүргөн менен саясатка аралашкан жок. Ошондуктанбы, айтоор жерине боор тарткан жагдайы анчейин байкалган эмес.

Каныбек Жороев

Лейлектин кулуну. Бир топ жыл мугалимдик кызматта иштеп, кийин Аскар Шадиев деген досунун жардамы менен “Ак Жол” партиясына кызмат өтөп, Ак үйдө аппарат башкарып, маркайып жүргөн, кезегинде. Кийин башына оор иш түшүп, сурак берип чыккан. Бийликтин үзөңгүсүн теминип жүргөн кезде элге барып турат эле. Шадиев качканы бул “азаматтын” да дайыны билинбей кетти. Эми элге барып жолукчу болсо кабыл алат бекен?

Камила Талиева

Бийликтин тепкичтеринде аз да болсо “селкинчек” ойноп калган эжекебиз бар. Бул кишинин да дайыны жок. “Фейсбук” аркылуу үн катып калчу эле. Камила эже так ошол чыр чыккан жерде, Арка айылында, Максат айылынан 15-20 чакырым алыс жерде туулуп өскөн эле.

Аскар Шадиев

Шадиевди Арка айылынан сууну кечип качып кетти деп жүрүшөт. Ал жакта бир четинде тажиктер, бир бетинде кыргыздар тыгыз жашаган айылдар бар. Эми бул кишини убагында Баткенде губернатор болуп турганда 97 гектар жерди өз алдынча тажик тарапка бере берген деген маалымат бар. Ал мурда да, кийин да жердештери менен жолугууга аз барган. Азыр болсо АКШдан учуп келмек беле?

Икрам Илмиянов

Убагында жердештери менен жолугушууга барып тургандыгы, айрым бир иштерди жөнгөрүп, кадр маселелерин чечип тургандыгы тууралуу айтып да, жазып да келишет. Бирок азыр УКМКга байлаган абалына байланыштуу ал жакка бара албайт.

Бир тууган Ариповдор

Бири Лейлек районуна аким болгон, бири парламент депутаты, учурда БШКда иштеп жаткан Назарали Ариповдон да, иниси Тилеберди Ариповдон да дайын жок.

Улукбек Кочкоров

Жаш кезинде бул байкебиз курч беле, же чек ара маселеси кызыктуу беле, айтоор депутат кезинде бул көйгөйдү байма-бай көтөрүп келчү. Ал тургай чек ара маселесине көңүл бурдурам деп Атамбаевдин алдына чейин кирип чыккан. Ошондо Баткендиктер “Оу, биздин бала кыйын тура” деп ичтери жылып калган. Кийин президенттикке ат салышып, өтпөй калганы деми сууду. А тургай өлөсөлүү Өкмөттүн “көйгөйү түгөнбөгөн” бир министрлигинин креслосуна жармашты. Ошондон бери чек ара, эл деген айтып жүрчү маселесин унутту. Кыязы чек ара маселеси депутат Кочкоровго керек болуп, министр Кочкоровго керек болбой калган кейиптенет.

Самат Бөрүбаев

Эл көйгөйүн дайыма көтөрүп жүрчү. Эл журтуна барганда жылуу кабыл алышчу. Азыр бир мекеменин стас-катчылыгын аркалаганы жумуштан колу бошобой жатса керек.

Баткен жергесинде мурда губернатор болгон Мамат Айбалаевдин аброю күч. Анын себеби ошол эле чек ара боюнча бир кезде мыкты иштегендиги жана азыр 80дин кырында болсо да бул маселени көңүл жаздымында калтырбай келгендиги менен абройлуу. Султанбай Айжигитовдун дарегине да жаман сөздөр айтылбайт. Исхак Масалиевдин түбү Баткенге тиешелүү болгон менен, эбак эле “глобалдашып” кеткен. Мындан башка Баткенден чыккан чоң-кичине кадрлар көп. Алар да өз тиричилиги менен жүрүшкөн чыгар. Ал эми бүгүнкү күндө чыр болгон жерге барып, элдин ал-абалын сураган атка минерлердин жылдызы жанып турган кербези.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *