Баткенде депутатка карай ок атылды

Мезгил

Лейлекте жергиликтүү кеңештин депутатына карата ок чыгарышты. Бул туурауу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы  билдирди.

Маалым болгондой, 5-ноябрь түнү 23.00-24.00 ортосунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Кубаныч Баяновдун катышуусунда окуя болгон. Лейлек районунун Арка-2 айылында депутаттын үйүнүн жанында белгисиз бирөө анын аркасына аткан.

Кылмышкер из суутуп кеткен.

Бул факты боюнча “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *