Баткенде прокуратура жетекчилери кызматтан алынды

Мезгил

Баткен облусунда бир катар прокуратура жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 Маалым болгондой,   Баткен облусунун прокурорунун орун басарлары, бөлүм башчылар жана Баткен районунун прокурору кызматтан алынды.

Мындан тышкары, башкыпрокурор  Өткүрбек Жамшитов регионго барып чукул чогулуш өткөрүп, Баткен облусунун прокурору Анрбай Мамажыкыповду өлтүрүү фактысын бейтараптуу иликтөө тапшырмасын берди.

Эске салсак,  Баткенде  прокуратура башчысынын сөөгү 18-ноябрда тоо тарапта табылган.

Бул факты боюнча жергиликтүү чиновник кармалган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *