Мезгил
Кечээ Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөө саат 23:59да болгон.
Анын күчү Баткен районунун Кыштут, Тескей, жана Жаңы-Коргон айылдарында 2 баллга чейин жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.