Баткендеги жаңжалдан улам чегарачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп башташты

Мезгил. 

Баткен облусундагы чегарачылар  бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.

“Жаңжал чыккан күнү эле Кыргызстандын чегарачылары тажикстандык кесиптештери менен жолугушуу уюштурушкан. Анда аталган айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү макулдашылган. Тургундар менен эки райондун акимдери жолугушушту. Облус жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө”, – деп билдирди Мамлекеттик чегара кызматы.

12-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын аймагынан уруксаты жок түтүк аркылуу таза суу алып өтүүгө аракет кылган.

Тажик тарап болсо Исфара районунун Тожикон айлына суу алып өтүүгө Баткен районунун тургундары кедерги болгонун билдиришүүдө. Түтүк аркылуу суу чыгарууга Ага Хан Фонду 55 миң доллардан ашуун каражат берген. Учурда бул иш убактылуу токтотулду.

Тажикстандык активист Адолат Рахимова суу долбоору Исфара райондук администрациясы тарабынан бекитилгенин айтты. “Мен коңшулардын эмне себептен нааразы болуп жатканына түшүнгөн жокмун. Бул иш талаштуу тилкелерде эмес, Тажикстанга караштуу аймактар аркылуу жасалууда. 1990-жылдан бери маале жашоочулары таза сууга жетпей, сууну канал жана дарыялардан ташып ичишет”, – деди Рахимова.

Жергиликтүү тургундар ортосунда буга байланыштуу тирешүү орун алган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *