«Баткендиктер жүрөгүмдүн өзгөчө жеринен орун алгансыңар!»

   Мезгил

Бул президент Сооронбай Жээнбековдун Баткенге иш сапар менен барганда сүйлөгөн сөзү. Адатта башка эл башчылардан айырмаланып ашкере кооз сүйлөбөгөн президентибиздин бул сөзү элдин эсине түйүлүп, жүрөгүнө жазылып калды. Эки жыл мурда президенттик шайлоодо Баткен облусунун жашоочулары 60 пайызга жакын добушун Сооронбай Шариповичке беришкен. «Бул кишинин бийликке келгенден кийин коррупция менен күрөшө башташы үмтүбүзгө от жандырды» дешет баткендиктер.

«Аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чара да колдоого аларлык иш болду. Эмки тилегибиз чек ара маселесин чукул убакта чечүү жагын президент өзү колго алса. Чек араны кайтарган азамат аскер жигиттерибизди бөөдө ок менен ташка тосуп бере бербейли. Карапайым элдин тилегени – тынчтык» – деп тилектерин билдиришти редакцияга кайрылган баткендик аксакалдардын тобу.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *