Баткендин губернаторунун орунбасары мүлк фондусунун башчысы болуп дайындалды

Мезгил​

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы кызматына Жылдызбек Исакулов  дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ал эми аталган кызматты буга чейин Ренат Түлебердиев жетектеп келген.   

Белгилей кетсек, Жылдызбек Исакулов 42 жашта. Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Исакулов буга чейин Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматында иштеген. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *