Баткенге көчүрүлгөн Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын тургундары үйлөрүнө кайтышты

Мезгил

Чек арадагы жаңжалдан улам Баткен шаарына көчүрүлгөн Ак-Сай менен Капчыгай айылдарынын 674 тургуну өз үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын маалымат кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат 7:10до жол ачылгандан кийин жашоочулар үйлөрүнө жеткен.

Администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, 22-июлда 315 жаран убактылуу көчүрүлүп келип, 23-июлда түштөн кийин абал курчуганда кишилердин саны 674кө жеткен. Бирок алардын 263ү туугандарынын үйүндө болгон. Ага чейин облус жетекчилиги 415 жаранды жайгаштырып, тамак-аш менен камсыздап турган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *