Батукаевдин иши боюнча жактоочу үй камагына чыгарылды

Мезгил

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча катыштыгы бар делген 80 жаштагы  жактоочу Али Касымов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой,  мындай чечимди Биринчи Май райондук соту  кечээ, 19-августта кабыл алган. 

Эске салсак, 31-июль күнү Али Касымов КРнын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектелип кармалган. 2019-жылдын 2-август күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-берененин 4-бөлүмү менен 319-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымда тапшырылып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *