Базарлардын, кафелердин биринин артынан экинчиси өрттөнүшүндө кандай сыр бар?

Мезгил.

Акыркы убактарда шаардагы көрүнүктүү имараттар өрткө чалдыга баштады. Ош базары эки ирет, Мадина базары, “Супара” жана “Арзу” эс алуу жайлары жалын ортосунда калышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков бул иштерди ачыкка чыгаруу керек дейт.

“Эмнеге кырсыкка эч ким жооп бербейт? Ошол имараттарды текшерүү учурунда баары жайында деп кол койгон кызматтар эмнеге унчукпай отурушат? Мунун баары кырсыкпы, же атайын тараптардын жасаган ишиби?” – деп суроо узатты депутат.

Ал шаардагы башаламан курулуштар өрт коопсуздугун сактоого кедергисин тийгизип жатканын кошумчалады.

“Үйлөр тыгыз жайгашкандыктан, кокус кырсык болсо, өрт өчүрүүчү унаа кире албай калат. Ушуну да карап көрүш керек”, – деп белгиледи ал.

Аталган маселени депутат Зиядин Жамалдинов да көтөрдү. Ал: “Атайын өрттөлдү деген кептер да жүрүүдө. ӨКМнын алдында өрт коопсуздугу боюнча Департамент бар, Мамэкотехинспекция бар, ушул кызматтар кырсыктарды тыкыр иликтөөгө алышсын”, – деди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *