Бажыны ким башкарат: Алтынбек Торутаевдин баскан жолу

Мезгил

Ата-Жөнү: Алтынбек Торутаев Элимович

Туулган жылы: 26-июль 1977-жыл.

Билими: жогорку

  • 1994 – 1998 — жылдары Чүй университетин экономика багыты боюнча “Бажы иши” адистигин аяктаган.
  • 2004 – 2007 — жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолу:[/tds_note]
  • 2000 – 03.2001 — Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын Салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону контролдоо бөлүмүнүн инспектору;
  • 2003 – 03.2006 — Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Тармактык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 2006 – 08.2007 — Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 2007 – 06.2010 — Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын улук инспектору;
  • 2010 – 02.2011 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;
  • 2011 – 08.2014 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 2014 – 04.2015 — Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысынын орун басары;
  • 2015 – 04.2016 — Мамлекеттик бажы кызматынын “Ош” бажысынын башчысы;
  • 2016 – 12.2017 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
  • 2017 – 08.2018 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы;
  • 2018 – 05.08.2019 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2019-жылдын 5-августунан тарта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

Декларациядан

Алтынбек Торутаевдин 2015-жылдагы декларациясында – 438, 914 миң сом киреше тапкандыгы көрсөтүлгөн. Чыгашасы 480 миң сомду түзгөн. 39 кв. метрди түзгөн батири жана 3 автомашинасы тууралуу маалымат берген. Алар:

  • Тойота, 2000-жылы чыгарылган, көлөмү – V=3000 см. куб.

  • Лексус ES300, көлөмү – V=3000 см. куб.

  • Тойота, 2008-жылы чыгарылган, көлөмү – V= см. куб.

Ал эми 2016-жылы кирешеси 643 миң сомго өскөн. Батири калып, эки автомашинасы декларациядан жоголгон. Бир гана 2008-жылы чыгарылган V=4000 см. кубдук Тойота автомашинасын көрсөткөн. Деклорацияда туугандары жана алардын кирешелери тууралуу маалыматтар жок.

Алтынбек Торутаев 2015-жылы «Ош» бажысын башкарган. Ал эми 2017-жылы 20-декабрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынан Торутаевди жумуштан алат. Бирок ошол эле айда ал ведомствонун Бажы төлөмү башкармалыгын жетектеп калганы кызык.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *