Бейшенбек Абдразаков: Кыргызстандын “пульту” Кремлде экени билинди

 Мезгил

  Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде жолугушуп сүйлөштү. “Путиндин айткандары боюнча жана Кыргызстандагы саясий абал мындан ары кандай болот?” деген суроону биркатар саясатчыларга узатканбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты Бейшенбек Абдразаков “Эгерде Путин Атамбаеге “тийбегиле” десе тийбейт, “камагыла” десе камайт” деген пикирин билдирди.   

– Путин сүйлөшүүнүн расмий жагын эле көрсөттү. Ал эл аралык дипломатиялык тил менен маданияттуу түрдө сүйлөдү, туура. Эми расмий эмес сүйлөшүлгөн сөздөрдү биз билбейбиз. Бирок, анын баары келгенден кийин бийликтин мамилесинен улам билинет. “Тийбегиле” десе тийбейт, “камагыла” десе камайт. Камагыла деп айтпайт, анткенде учак жиберип алдырып, кабыл албайт эле. Эл аралык мамиледе кайсы ажо болбосун дипламатиялык тилде ушундай жооп берет.

Бул жолугушуунун кесепетинен Кыргызстан эл аралык деңгээлде уят болду. Тирешкен эки тараптын тең элден кадыры кетти. Кыргызстандын  “пульту”  Кремлде экени билинип калды. Африканын бир мамлекетиндей эле болдук. Мындан кийин да ушундай боло берет – деди Бейшенбек Абдразаков.

Ошондой эле мурдагы депутат эки тарап элдешпесе да кылмыш ишин созуларын, бирок элдин астында азыркы бийликтин кадыр баркы кетерин айтты.

 – Экс-президент Алмазбек Атамбаев  менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков элдешпесе да кылмыш иштерин чойот, элден уялганынан иштемиш болуп имитация кылышат. Канткен менен элдин астында кадыр баркы кете баштайт. Эмки шайлоодо оор болот. Муну оппозиция көзүр карта катары колдонот.

Атамбаевге карата бийликтин мындан аркы жасаган мамилесиннен улам саясий абал аныкталат. Дагы чакыруу кагазын береби? ИИМ үйүнө жалдырап барабы? Камай алабы? Ошого жараша болот калганы – дейт Бейшенбек Абдразаков.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *