Бекболот Талгарбеков Атамбаевди сотко берген арызын чакыртып алды

  Мезгил

Эркиндикке чыккан оппозиционер Бекболот Талгарбеков Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди сотко берген арызын кайра чакыртып алды.  Бул тууралуу анын баласы Арстанбек Талгарбеков билдирди.  

“Жыгылганды тепкилебейт дегендей Атамбаевдин  чыныгы жүзү ачыкка чыгат деп ойлойбуз. Ал ансыз деле тергөө абагында жатат” дейт ал.

Белгилей кетсек, Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аны “Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданган” деген жалган  билдирүүсү анын сотко кайрылуусунун себеби болгон. Ошондой эле ал Атамбаевден моралдык кенемте катары   17 миллион сом төлөп берүүсүн талап кылган.

 Эске салсак, «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбеков үстүбүздөгү жылдын 7-мартында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте бошотулган. Бекболот Талгарбеков КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу (кийин бул берене боюнча ал акталган) жана «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча 14 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *