Бекболот Талгарбеков толугу менен акталды

   Мезгил

Президенттин мурдагы аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков толугу менен акталды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Бекболот Талгарбеков «Элдик парламенттин» мүчөлөрү менен бирге мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен соттолгон. Аларга Кылмыш кодексинин 27 берененин 295 бөлүгү — «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» жана 341 бөлүгү — «Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык» айыбы тагылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бекболот Талгарбеков жана Толубай Колубаев 14 жылга эркинен ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөрү айтылган. Ал эми Марат Султанов 10 жылга, Тойгонбек Калматов 5 жылга шарттуу, Александр Гусев 6 жылга шарттуу түрдө кесилген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *