Бекбосун Бөрүбашев: Сот системасын Текебаев өзү түзгөн, Атамбаев катышкан, Отунбаева баарынын башында турган

Мезгил

Бүгүнкү күндөгү сот системасын Убактылуу Өкмөт, ошол эле Текебаев өзү түзгөн, Атамбаев катышкан, Отунбаева баарынын башында турган. Мындай пикиринин юридика илимдеринин доктору, профессор, талдоочу Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын баамында, Текебаевдин мисалында «сот адилеттүүлүгү Кыргызстанда канчалык деңгээлде бар, бар болсо эл үчүн кандай кызмат кылып жатат деген маселени коюу зарыл». – Текебаев, Атамбаев жөнүндө айтып түгөтө албай жатабыз, – деди ал.

– Бирок булар азыркы сот, укук коргоо системасын өз колу менен түзгөн адамдар да. Укуктук, саясий, уюштуруучулук жактан бир адамдын гана көзүн карап турган системаны түзүп алышкан. Табалабайм, бирок өзүлөрү ошонун курмандыгы болуп жатышат. Сот системасын кайра түзүш керек. Албетте, мен судьялардын арасында баары эле жаман деп айтпайм, а бирок кайсы бир бөлүгү чөнтөгүндөгү акчаны же жогору жактан телефон чалууну күтөт. Алмазбек Атамбаев өзүлөрү түзгөн сот системасынын курмандыгы болуп жатышат. Кечээ, 21-августта Жогорку сот Текебаевге мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишин кайра кароого райондук сотко жөнөттү. Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан пара алды деген негизге 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Өзүлөрү бул айыптоону ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий куугунтук деп баалашкан – деди Бөрүбашев.

Мезгил Ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *