Бекназаров жаңы кызматка дайындалды

 Мезгил

Руслан Бекназаров президенттик аппаратка кызматка дайындалды.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,  экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров КР президентинин аппаратында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө эксперт болуп дайындалды.

Ал өлкөнүн аймактарынан жарандардан келген кайрылууларды анализдөө жана президенттик аппараттын мындан аркы иш жүргүзүүсүнө эксперттик сунуштарды киргизүү кызматтык милдеттерин аркалайт.

Руслан Бекназаров буга чейин Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган. Ал айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *