Мезгил
Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 26-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна тийиштүү өзгөртүү киргизилип, Шайырбек Абдырахаман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Шайырбек Абдырахаман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүгөн. Ошондон бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясын жетектеген.