Белизгейт чатагы жакында парламентте көтөрүлүп, аны “ойлоп тапкан” Атамбаевдин жоопкерчилиги талап кылынат

Мезгил. 

“Ата Мекен” фракциясынын бир катар депутаттарын коррупция боюнча айыпталууга аз жерден жеткирбей калган  Белизгейт чатагы боюнча жаңы жагдайлар ачылууда. 14-сентябрда аталган фракциясынын жыйынында УКМКнын жеке коопсуздук боюнча башкармалыктын жетекчиси эки жыл мурда Белизден эч кандай расмий документ келбегенин жарыялаган. Мындан улам “Ата Мекен” чечкиндүү кадамдарга барууга ниеттенүүдө.

Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосунун түз обосунда угармандардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Айтымында, ал экс-президент Атамбаевдин ишмердүүлүгүн иликтөө  боюнча элдик комитетин түзүүнү сунуштап жатат.

“Парламентке учурда эл ишенбейт. Өздөрү шайлашкан, эми өздөрү ишенишпейт. Ошондуктан, Атамбаевдин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча элдик комитет түзүүнү сунуштап жатат. Элдин арасынан калыс, акыйкаттыкты кармаган активисттер кошулсун. Атамбаев да өзүнүн кара кылды как жарган калыс адамдары болсо кошсун. Баарылап, иликтеп көрөлү. Белизгейт документтери чын эле жасалма экени далилденсе, өзү “мен качпайм, жооп берем”, – деп айтканы бар, жоопкерчилигин тартсын. Далилденбей калса, эл алдында кечирим сурап, мындан ары журт атасы катары карайлы”, – деди Шыкмаматов.

Ал Текебаевдин акыры бир күнү акталып чыгаарын белгиледи:

“Мына азыр Белизгейт боюнча абийирлери ачылып жатышпайбы. Эстеп койгула, акыры жүрүп Текебаев акталып чыгат, адилеттүүлүк ордуна келет. Аны соттогондордун баары жоопко тартылат. Тарыхты тепсеп коебуз дегендердин тилеги эч убакта ишке ашкан эмес”, – деди депутат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *