Бийликте кантип узакка сакталууга болот? Депутаттарга Токон Мамытов кеңеш берди

выбор

Мезгил. 

Депутат Дастан Бекешев акыйкатчылыкка талапкерлердин бири Токон Мамытовдун канча бийлик алмашса да, бийлик бутактарын аркалагандан калбай келатканынын сырын билүүгө кызыкты.

“Ар бийликте ар башка кызматтарды аркаладыңыз. Эмгек китепчеңизде бош барак деле калбай калса керек. Тажрыйбаңызды бизге да айтыңыз, кантип бийликте көпкө сакталып калса болот?” – деп суроо берди Бекешев.

Токон Мамытов бардык иште кесипкөйлүк башкы орунда тураарын белгиледи.

“Өз ишиңдин адиси болушуң керек. Мен токтоо адаммын, эч убакта  күч колдонуп көбөгөм. Тыңчылыкта жана контразведкада иштегем. Менин милдетим – ойлонуу. Сиз шахмат ойнойсуз, бул акыл-эске жакшы көнүгүү, мен акыл-эсти машыктырганды баалайм”, – деди Мамытов.

Парламент бүгүн КР  Акыйкатчысын  шайлайт.    КСДП фракциясы Токон Мамытовдун, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди жана  «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.

Токон Мамытовдун ишмердүүлүк жолунда 1990-жылдардан бери төмөнкүдөй маалыматтар орун алган:

1992-1992 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор райондук бөлүмүнүн жетекчиси;

1992-1997 — УКМК, Улуттук коопсуздук министрлигинде начальниктин орун басары, бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальниги;

1997-2002 — Улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын жетекчиси;

2002-2002 — Коргоо министринин орун басары;

2002-2005 — Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары жана биринчи орун басары;

2005-2007— Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, канцелярия жетекчиси;

2007-2008 — Коргоо кеңешинин катчысы;

2008-2009 — Президенттик администрацияда мамлекеттик кеңешчи;

2009-2009 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

2010-2013 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

01.2013-05.2013 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

05.2013-06.2013 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү;

06.2013-04.2014 — Вице-премьер-министр

06.2014- 04.2015 “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун төрагасы;

2016-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы;

2016-жылдан май айынан тарта премьер-министрдин кеңешчиси

Саясат таануу илимдеринин доктору, генерал-лейтенант, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

 

 Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *