Бильярдчы Дастан Лепшаков дүйнө чемпионатынын коло байгени багындырды

   Мезгил

  Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков дүйнө чемпионатынын коло байгени багындырды.

Комбинациялашкан пирамида боюнча биринчилик Ханты-Мансийск шаарында өттү.

Эркектер арасында баш байге үчүн 21 мамлекеттен 85 кий чеберлери ат салышкан.

Дастан Лепшаков жарым финалга чейин жетип, каттуу кыл чайнашта молдовалык Сергей Крыжановскийге 5:6 минималдык эсебинде утулуп калды.

Дагы бир мекендешибиз Канат Сыдыков да үчүнчү орунду багындырды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *