Бир ырдан баяны: “Сенден сулуу болсо дагы алганым, сендей мага бул дүйнөдө табылбас…”

Мезгил

Жүрөк сыздаткан кайрыктардын ээси Асанкалый Керимбаев бекер жеринен “жүрөк” ырларын жазбаптыр. Анын “жүрөк” оорусу өзүнүн эле жубайы болгон экен. Асанкалый ага биринчи жубайы Айнашты аша сүйүп үйлөнөт. Бирок, жубайлар перзенттүү боло алышпай, ынтымак жолу менен эле эки башка жолду тандашат. Кийин өзү “Тагдырдын тамашасын кара, мен башкадан, ал башкадан балалуу болдук. Кудай экөөбүзгө перзент ыраа көрбөдү” деп айткан экен.

Экөө ажырашып кеткенден бир топ өтөт. Обончунун сөздөрүн жазып жүргөн акын Анатай Өмүркановдун юбилей-концертинде Асанкалый ырдап бүтүп, сахна көшөгөсүнүн артына өтүп: “Айнашымды көрдүм. Концертке келиптир,” -дейт барбалаңдап сүйүнүп. Жанындагылар “Коюңузчу, толтура кишинин арасынан кантип көрдүңүз?” деп ишенишпесе, “Көзүм эмес, жүрөгүм таап алды, жүрөгүм…” деген экен.

Экинчи ирет үйлөнсө да Айнашын эч качан унута алган эмес дешет. “Сенден сулуу болсо дагы алганым, сендей мага бул дүйнөдө табылбас…” деген ыр саптары эле бул чындыкты дагы бир жолу далилдеген. Чындыгында Асанкалый агайдын экинчи аялы Дамира Айнаштан ашкан сулуу, келбеттүү аял болчу дешет замандаштары.

 

“Сендей мага…”

Дарак билип, жазда бүчүр байларын,

Күздө түшкөн жалбырагын сагынган.

Сенден сулуу болсо дагы алганым,

Сендей мага бул дүйнөдө табылбас.

 

Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,

Кызга жетпей жигит жалгыз жатпаса.

Кайсыл кызга кадалбасын карегим,

Баары бөлөк, баары сенден башкача.

 

Кимден калган табигатка таарыныч,

Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.

Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,

Өзүмдөгү сага деген сагыныч.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *