Бирдиктүү депозиттик эсептен мектептерди курууга каражат бөлүндү

  Мезгил

Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен мектептерди курууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой  2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 млн сом бөлүндү.

 Эске салсак президент Сооронбай Жээнбеков  коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө Буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон. Ошол эле жылдын июнь айында  Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Чогулган каражатка Бишкек жана Ош шаарларында жаңы мектептерди курууга же орто мектептердин имараттарына кошумча корпустарды курууга жумшалаары айтылган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *