Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алына баштады

Мезгил

Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алынып баштады. Маалым болгондой, декларацияны иш убактысында  тапшырууга жетишпей калгандар отчетту  кечки саат 6дан түн жарымга чейин тапшыра алат. Мындай режим эс алуу күндөрү дагы күчүндө.

 Белгилей кетсек, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ишканалар, дыйкан жана фермердик чарбалар, өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырышы керек.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр тапшырат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *