Мезгил
Бириккен Араб Эмираттары 1-августтан тарта визалык режимди бузгандарга амнистия жарыялады. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жеңилдетилген мөөнөт 3 айга киргизилди.
Бул убакыт аралыгында мыйзамсыз жүргөн мигранттар айыпка жана сот жоопкерчилигине тартылбастан, олкө аймагынан чыгып кете алат. Андыктан, тышкы иштер министрлиги визасы менен кандайдыр бир маселеси бар кыргызстандыктарды Араб Эмираттарынан амнистияны колдонуу менен чыгып кетүүнү сунуштайт.
Булак: Мезгил Ньюс