Биринчи Май райондук соту эмне үчүн Матраимовду колдогон чечим чыгарган?

Мезгил

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечиминин себебин түшүдүрдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту тараткан маалыматта айтылат.

Анда, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганы, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнү жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогону айтылат.

Ошондой эле билдирүүдө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Матраимов стационардык дарыланууда жүргөн маалда иштен алынганы, Бажы кызматынын төрагасынын аны бошотуу себептери көрсөтүлгөн сунушу болбогону негизги жүйө катары келтирилген.

Райымбек Матраимов ушул жылдын апрель айларында “мени негизсиз жумуштан алды” деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Ал эми ушул жылдын 25-июль Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Ал 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *