Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары жайлоосуна барды

 Мезгил

Биринчи вице-премьер-министр  Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, андагы жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Кубатбек Боронов кендеги объекттерди жана карьерлерди көрүп чыкты.

Бул тилкеде кен иштетүүгө уруксат алган Jhong ji Mining кытай компаниясынын өкүлдөрү жасалып жаткан кен иштери тууралуу айтып беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лаборториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн айтты.

 «Биз керектүү маалыматтарды берип, силердин суроолоруңарга жооп бергени келдик», – деди Кубатбек Боронов. 

 

«Компаниянын ишинде бир катар бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *