Бишкек.Чет жактагы мекендештер кеңешинин катышуучулары чогулууда

Мезгил

Бүгүн, Борбор калаага чет жактагы мекендештер менен байланыш боюнча президентке караштуу кеңештин биринчи жыйынынын катышуучулары чогулууда. Алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, күн тартибине ылайык секцияларда иштеп жатышат. Жыйынга Россиядан,Катар, Казакстан, Түштүк Корея, АКШ жана Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышат.

Ал эми, 2-август күнү кеңештин жыйыны мамлекет башчы  Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өтмөкчү.

Анда “Мекен-карт” демилгеси жана мекендештердин өлкөнү өнүктүрүүгө инвестиция алып келип катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган “Мекеним” программасынын долбоору талкууланат. 

Кеңеш мамлекеттик органдар менен чет өлкөлөрдөгү мекендештер ортосунда натыйжалуу диалогду калыптандыруу, алардын мекенине кайтып келиши жана өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу максатында түзүлгөн. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *